22:47
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

КМШ башчыларынын саммити. Бишкекти көрктөндүрүүгө 500 миллион сом сарпталды

КМШ башчыларынын саммитине карата Бишкекти көрктөндүрүү иштерине 500 миллион сом сарпталды. Бул тууралуу шаар мэри Эмилбек Абдыкадыров объектилерди текшерүү учурунда билдирди.

Ал белгилегендей, каражат өзүнчө бөлүнгөн эмес. «Биз күзүндө саммит болорун билгенбиз, бюджетте каралган болчу. Иш-чаралар планы түзүлүп, 500 миллион сомго жакын каражат пландалган», — деди мэр.

Ал көрктөндүрүү боюнча иштер баары бир жүргүзүлмөк экенин кошумчалады.

«Албетте, конокторду тосуп аларда дайыма тартипти орнотобуз. Бирок бул иштер биринчи кезекте шаардыктар үчүн жасалып жатат», — деп белгиледи Эмилбек Абдыкадыров жана саммиттен кийин муниципалитет көрктөндүрүү иштерин улантарын кошумчалады.

«Биз мындан ары да шаарды жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштерин талапка ылайык келтиребиз. Келерки жылга чоң, олуттуу иш-чараларды пландаштырып жатабыз. Бул көчөлөрдү кеңейтүүнү, жашыл аянттарды сугарууну, скважиналарды бургулоону, тамчылатып сугарууну жана башкаларды пландаштырып жатабыз», — деп жыйынтыктады ал.

Эң көп окулган жаңылыктар