Москвада алтынчы кабаттан кулап кеткен кыргызстандык келин дарылануу үчүн үйүнө алынып келинди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы Орусиядагы өкүлчүлүгүнө таянып билдирди.
Мекеменин маалыматына ылайык, кырсык 14-сетябрда болгон. Келин оор жаракат менен Демиховдун клиникалык ооруканасына жеткирилген. Кулап түшкөндүгүнүн себеби жөнүндө азырынча эч нерсе белгисиз.
«Болотбек кызы Мээрим биринчи кезектеги дарылануусун алып, шашылыш операция жасалды. Кийинки дарылоонун баасы 400 мин рублга жакын болот. Кыргызстандык аялдын милдеттүү медициналык полиси болбогондуктан жана эмгек келишимин түзбөгөндүктөн, социалдык төлөмдөр жүргүзүлгөн эмес. Ошондуктан Мээримди үйүнө кайтуу маселеси чечилип жатканда «Умай Эне» кайрымдуулук борборуна жайгаштырышкан», — деп билдиришти мекемеден.
Акысыз үч орунду «Аэрономад» авиакомпаниясы камсыз кылган. Бишкек аэропортунан тез жардам бригадасы тосуп алып, Мээрим 4-шаардык ооруканага жайгаштырылды.
Мекеме Орусияга жумушка орношуу максатында келгенден кийин, 1 айдын ичинде иш жүзүндө жашаган жери боюнча каттоодон өтүп, дактиолоскопия жана медициналык кароодон өтүшү керектигин эскертти.
«Эгерде сиз жумуш тапсаңыз, анда эмгек келишимин түзүү милдеттүү шарт болуп саналат. Сиз милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин алып, андан кийин пенсия алууга укуктуу болушуңуз үчүн иш берүүчү социалдык төлөмдөрдү төлөшү керек. Эгерде сиз жумуш учурунда жаракат алган болсоңуз, анда сиз жумуш берүүчүңүз жөнүндө толук маалыматты жана ооруканада жаткан учурда дарыгерлерге жана милиция кызматкерлерине компенсация алууга мүмкүндүк берүүчү жаракаттын себебин беришиңиз керек», — деп айтылат маалыматта.