13:38
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

«Чынардын» менеджери жарандарды дээрлик 1 миллион долларга алдап, качып кеткен

«Чынар» соода борборунун ижара боюнча менеджери жарандарды дээрлик 1 миллион долларга алдап, АКШга качып кеткен. Бул тууралуу жабырлануучулар социалдык тармактарда билдиришти.

Ырыс Кутбердиевдин айтымында, ал жайында кофейня ачуу үчүн инвестордон 30 миң доллар алып, соода борборунан орун издей баштаган.

«Дүкөндүн ижара бөлүмүнө көтөрүлдүм. Ал жакта сабаттуу киши иштечү. Ал мага консультация берип, ижарага алынган жай үчүн депозит катары 10 миң доллар салууну айтты. Орунду шашылыш түрдө алыш керек болгондуктан, ага бердим. Биз аны менен келишим түзүп, 1-июлда киришибиз керек болчу. Азыр сентябрдын аягы. Орунжайды али ала элекбиз», — деди Ырыс Кутбердиев.

Кийинчерээк ижара менеджери ошол эле орунду дагы үч адамга ижарага бергени белгилүү болгон

«Ал соода борборунда ижара үчүн жооп берген ыйгарым укуктуу адам болгон. Мага телефон чалып, бул адам бир жыл мурун грин-карта утуп алганын жана бул жерди дагы үчөө адамга сатканын айтышты. Мындай жабырлануучулар 100гө жакын. Ал бардыгынан 10-15 миң доллардан алган. Эгер башың иштесе, алдамчы болсоң, 2 миллион долларды кантип оңой таба аларыңды элестет», — деди жабырлануучу.

«Чынардын» ээси Нариман Түлеев бул тууралуу 24.kg агенттигине комментарий берип жатып эки күн бою жабырлануучулар менен жолугуп, меселе дээрлик чечилгенин айтты. Ал келтирилген бардык зыянды өз чөнтөгүнөн төлөп берерин билдирди.

«Мен бардык жоопкерчиликти өзүмө алдым. Мага оор, элге жеңил болсун. Алдын-ала 700-800 миң доллар зыян эсептелди. Бул ижара үчүн акча которгонун документ түрүндө тастыктаган адамдар. Келип, мага дагы карыз деп айткандар бар, бирок же келишими жок, же мессенджерлерде кат алышуусу жок. Мындай шылуундар дагы азыр көп», — деди Нариман Түлеев.

Анын айтымында, ал мурунку кызматкери менен байланышкан эмес.

«Ал Америкага кетип калган. Баарыбызды сызга отургузду. Биз шок болуп жатабыз. Ал супер заманбап Остап Бендер. Биз укук коргоо органдарына кайрылдык. Менин маалыматым боюнча, анын кайсы шататта экени аныкталды. Биз аны кайтарып алабыз. Мен буга үмүттөнөм. Ал өзүн кандай сезерин билбейм, анткени Америкада дагы биздин мекендештер бар. Ал жакта кантип жашарын билбейм. Аны жолуктурган ар бир кыргыз сабаса керек. Жаш жигит өзүнүн жашоосун бузуп алды», — деди Нариман Түлеев.

Бишкектин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси «алдамчылык» менен кылмыш иши козголгонун редакцияга билдиришти. Шектүүнүн жүргөн жерин аныктоо жана кармоо боюнча бардык зарыл болгон тергөө иштери жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. З. Н. аттуу жаранга издөө жарыяланды.

Эң көп окулган жаңылыктар