19:02
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Садыр Жапаров Корея лидерин Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакырды

Президент Садыр Жапаров Нью-Йоркко болгон иш сапарынын алкагында Корея Республикасынын президенти Юн Сок Ёль менен жолугушту.

Өлкө лидерлери саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун негизги аспектилери боюнча пикир алмашты.

Садыр Жапаров бул жолугушууну уюштуруу демилгеси үчүн Корея президентине ыраазычылык айтып, эки өлкө ортосундагы мамлекеттер аралык мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө жаңы дем берет деген ишенимин билдирди.

Ал Корея менен кызматташтыкты чыңдоо жана өнүктүрүү — өлкөнүн тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин, Кыргызстан Кореяны Азия-Тынч океан аймагындагы маанилүү жана артыкчылыктуу өнөктөштөрүнүн бири катары эсептээрин айтты. Ошондой эле бул өлкө менен кызматташуунун бардык артыкчылыктуу багыттары боюнча өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Экономикадагы «жашыл долбоорлордун» ордуна тышкы карызды реструктуризациялоо тууралуу кыргыз тараптын демилгеси тууралуу айтып жатып, мамлекет башчысы кызматташуунун бул вариантын эки тараптуу контекстте кароону да сунуштады.

Анын айтымында, акыркы жылдары эки тараптуу саясий диалог жигердүү өнүгүп жатат.

Садыр Жапаров Корея лидерин Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Өз кезегинде Кореянын президенти Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы акыркы убакта активдешкен эки тараптуу мамилелерди жана өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык, инвестициялык, туристтик жана маданий кызматташтыкты өнүктүрүүнү тездете турган түз аба каттамынын ачылышын белгиледи.

Юн Сок Ёль өлкөдө жаңы шаарлардын курулушу, ири инвестициялык долбоорлор тууралуу кабардар экенин айтып, корей тараптын аларды ишке ашырууга катышууга жана Корея өз тарабынан алдыңкы технологияларды колдонуу жаатындагы мыкты тажрыйбасын керек болгон бардык адамдар менен бөлүшүүгө даяр экендигин белгиледи.

Эң көп окулган жаңылыктар