11:32
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Орусиялык рэпер Моргенштерн Өзбекстанда клип тартты

Кремль «чет элдик агент» деп атаган орусиялык рэпер Моргенштерн Өзбекстанда клип тартты. «Черный русский » азыр YouTube’да сегиз миллиондон ашык көрүүгө ээ болду. Клипке казакстандык актёрлор тартылган.

Орус музыканттары жана Борбордук Азиянын чыгармачыл адамдары Орусиядагы цензура шартында «Черный русский» клибин жаратышты.

Клип мурунку «Чирчикстрой» мейманканасынын, «Физика-Солнце» институтунун аймагында жана Ташкент облусунун тоолорунда тартылган.

Моргенштерн 2021-жылдын аягында Москвадан качып кеткен. Ал кезде Кремлдин Жеңиш күнүн майрамдоого карата мамилесин сындаганы үчүн ага каршы иш козголушу мүмкүн деген маалыматтар чыккан. Рэпер «майрамдоо маңызсыз, анткени орустарда сыймыктана турган башка эч нерсе жок», - деген. Кийинки жылы ал Украинадагы согушка каршы ыр чыгарган. 2022-жылдын май айында Москва Моргенштернди «чет элдик агент» деп тааныган.

Борбордук Азия өлкөлөрүндө Украинадагы согушту колдогон жана ага каршы чыккан орусиялык аткаруучулардын концерттери токтотулууда. Алардын арасында Моргенштерн да бар.

Июнь айында Моргенштерн Бишкекте өтө турган Alga Fest музыка фестивалына катыштырылган эмес. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги ырчынын иш-чарага катышуусуна тыюу салган.

Эң көп окулган жаңылыктар