03:15
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кремль Ким Чен Ын Орусияга келерин ырастады

Кремль Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын жакында орус президенти Владимир Путиндин жеке чакыруусу менен Орусияга келерин ырастады.

Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, сапардын жүрүшүндө эки өлкөнүн лидерлери делегациялар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, зарылчылык болсо жеке жолугушуу да өткөрүшөт.

Кремлдин бул расмий билдирүүсүнө чейин түштүк кореялык YTN телеканалы өз булактарына таянып, Ким Чен Ын Орусияга поезд менен баратканын кабарлаган. Маалыматка караганда, Түндүк Кореянын лидери Чыгыш экономикалык форуму өтүп жаткан Владивостокко барып, Путин менен 13-сентябрда жолугушууну пландоодо.

Буга чейин The New York Times гезити да Ким Чен Ын Владивостокко бара турганын билдирген. Басылманын маалыматына караганда, Путин менен жолугушуусунда ал Орусияга артиллериялык снаряддарды жана танкка каршы ракеталарды жеткирүү маселесин талкуулашы мүмкүн.

Эң көп окулган жаңылыктар