01:46
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Ала-Букада өзбекстандыктардан пара талап кылган аткаминер кармалды

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда Өзбекстандын жарандарынан 2 миң доллар пара талап кылган аткаминер кармалды. Бул тууралуу 11-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, чек арага жакын жашаган өзбек жарандарынын малы Кыргызстандын аймагындагы жайыттарга кирип кеткен. Ала-Бука районунун Көкташ айылынын жайыт комитетинин төрагасы өзбекстандыктардан 9 баш бодо малды кайтарып берүү үчүн 2 миң доллар пара талап кылган.

Өзбекстан жарандарынын бири бул боюнча атайын кызматтын Жалал-Абад облустук башкармалыгына арыз жазган. Атайын операциянын жүрүшүндө аткаминер 1000 доллар алып жаткан жеринен кармалган.

Кармалган жаранга карата Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пункту («Опузалап пара талап кылуу») менен кылмыш иши козголду. Шектүү тергөө иштери аяктаганга чейин эки айга камакка алынды.

Расмий билдирүүдө чек арадан өтүп кеткен мал өзбекстандыктарга кайтарылган-кайтарылбаганы так айтылган эмес.

Эң көп окулган жаңылыктар