14:26
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Жапаров «Барселонанын легендалары» менен оюндан эмнеге чыгып кеткенин айтты

Президент Садыр Жапаров Барселона клубунун оюнчулары менен болгон беттеш боюнча оюн билдирди.

Анын айтымында, «Барселона легендалары» катуу кармашты. Садыр Жапаровдун айтымында, белгилүү футболчу Пуйол аны кайтарууга алган.

«Эки таймды тең аягына чейин ойносом деле чарчамак эмесмин. Чыгып кеткенимдин себеби мени Пуйолго кайтартып коюшуптур. Оюнду байкасаңар жанымдан чыкпай койду. Анысы аз келгенсип чабуулга өтөөрдө билектен бекем кармап алды. «Э-э-й жигит, кармабай ойно» деп күлүп кайрылсам, «sorry-sorry» (кечиресиз) деп күлүп коёт. Кайра эле кармап алат. Кыскасы Барселонанын балдары жолдоштук беттешүүдө эмес, кадимки чемпионаттарда ойноп жаткандай аябай чоң жоопкерчилик менен ойноп жатышты. Анан элестетиңиз футболдун легендасы болсо, менден 10 жаш кичүү жаш бала болсо мени ойнотмок беле? Ошол үчүн менин ордума жаш балдар кирсин, бир аз да болсо командага күч кошот деген ой менен эле чыгып кеттим да, жаш балдарды киргиздик. Бирок баары бир Барселона деген Барселона да. 3:0 менен утулдук. Дагы жакшы мен тилеп жаттым эле, баскетболдук эсеп менен жеңилбесек экен деп», — дейт ал.

Эң көп окулган жаңылыктар