18:06
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарында президенттик «Акылман» лицейин ачты

Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарында өзгөчө шыктуу балдар үчүн салынган президенттик «Акылман» лицейин ачты. Бул тууралуу олкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

«Акылман» лицейи мамлекеттик адистештирилген жалпы билим берүү уюму. Ага кабыл алуу жетинчи классты аяктагандардын арасынан жүргүзүлөт. Лицейде 400гө жакын окуучу билим алат деп пландалууда. Окуу жай кыргыз-англис лицейи болот. Окуучуларды кабыл алуу жыл сайын өтүүчү сынактык тандоонун негизинде жүргүзүлөт. Мугалимдер дагы сынактык негизде тандалып алынат.

2023/24-окуу жылына 75 окуучу кабыл алынды. Лицейде окуу, жатакана жана тамактануу акысыз. Окуучулар үчүн да, окутуучулар үчүн да ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Чыгымдар мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланат.

Султан Досалиев
Фото Султан Досалиев. Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарында президенттик “Акылман” лицейин ачты

Садыр Жапаров Кыргызстанда таланттуу балдар арбын экенин айтып, талант, жөндөмдү бага билип, ага астейдил мамиле кылуу зарылдыгын белгиледи. Бүгүнкү күндө таланты, жөндөмү менен айырмаланган балдардын өзгөчөлүгүн өркүндөтүү маселеси илимде дагы өтө актуалдуу болуп турган учур.

«Мына ошондуктан, өлкө аймагындагы мындай таланттуу балдарыбызга ар тараптуу колдоо көрсөтүү мамлекетибиздин негизги милдети, башкы саясаты катары саналат. Мамлекет камкордукка алып, атайын лицей уюштуруу менен мындай балдардын акыл-ой чабыттарын ачуу, өзгөчө ыкмаларды колдонуу аркылуу андан ары өркүндөтүү жалпы билим берүү тармагына эле эмес, өлкөбүздүн өнүгүшүнө, келечек муундун туура багытта тарбияланышына баа жеткис салым болот деп эсептеймин. Өлкөбүздүн булуң-бурчунда байкалбай жүргөн, катылып жаткан зээндүү балдарды таап, өзгөчө камкордукка алууну колго алсак, мамлекетибиздин жаркын келечеги камсыздалат десек да жарашат», — деп белгиледи Садыр Жапаров.

«Акылман» мектебине өткөн окуучулар күнүмдүк турмуштун башка иштери менен алагды болбой, кесипкөй мугалимдердин көзөмөлүндө лицейде күн-түнү бир багытты, бир максатты көздөп, ийне менен кудук казгандай билим алышат деген үмүтүм чоң. «Акылман» лицейи ийгиликтүү иштеп баштаса, мындай билим уялары дагы кулачын жаят«, — деп ишендирди президент.

«Президенттик лицейдин ачылышы менен бүт республиканын көңүлү сиздердин мектепте, сиздердин иште, сиздер окуткан балдарда болот. Силер окуткан окуучулар бир лицейдин эмес, жалпы Кыргызстандын сыймыгы болушу керек. Андыктан, күн-түнү изденип, өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасын иликтеп, конкреттүү натыйжа чыгарасыздар деген ойдомун. «Акылман» лицейинде математика, физика, химия, биология предметтерине басым жасоо мерчемделүүдө. Сабактарды англис тилинде окутуу дагы максатка ылайык деп турабыз. Ошону менен бирге бүгүнкү күндө тарбия маселеси дагы өзүнчө бир көйгөйгө айланып баратканын эске алып, бул билим уясында улуттук нарк-насилге, таалим-тарбияга чоң маани берилерин баса белгилеп кетейин», — деди мамлекет башчысы.

Эң көп окулган жаңылыктар