02:19
USD 88.36
EUR 95.26
RUB 0.96

Росавиация «Вагнердин» негиздөөчүсү Евгений Пригожиндин өлүмүн тастыктады

Евгений Пригожин менен Дмитрий Уткин кыйраган Еmbraer учагынын бортунда болушкан. Бул тууралуу Росавиация билдирди.

Embraer-135 учагынын аба мейкиндигин пайдаланууга уруксатты бар болчу. 

Росавиация Тверь облусунда кыйраган учактын бортунда болгон бардык жүргүнчүлөрдүн жана экипаждын аттарын жарыялады, алардын арасында Евгений Пригожин жана жеке аскердик компаниянын командири Дмитрий Уткин дагы бар. 

Ошондой эле, учакта Сергей Пропустин, Евгений Макарян, Александр Тотмин, Валерий Чекалов, Николай Матюсеев жана экипаждын үч мүчөсү: командир Алексей Левшин, экинчи учкуч Рустам Каримов жана борт коштоочу Кристина Распопова болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар