16:11
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кримтөбөл Улан Токтосуновдун жакындары митингге чыгышты

Бишкекте Жаза аткаруу кызматынын имаратынын алдында Сакал каймана аты менен белгилүү болгон кримтөбөл Улан Токтосуновдун туугандары митингге чыгышты.

Улан Токтосуновду Нарын тергөө абагынан Бишкекке которбоону 30га жакын адам ЖАКтын жетекчилигинен талап кылууда.

Анын агасы Жакып Токтосунов туугандары Чыңгыз Жумагуловдун сценарий кайталанышы мүмкүн деп чочулап жатканын айтты.

«Биздин инибиз Доо Чынгыз сыяктуу өлтүрүлөт деп чочулап жатабыз. Баары адилеттүү болот деп үмүттөнөбүз. Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаров бул ишти көзөмөлгө алат деп ишенебиз. Ушунча жылдан бери ал жазасын өтөп бүттү. Ал дагы Нарында жазасын өтөй берсин», — деди Жакып Токтосунов.

Белгилей кетсек, буга чейин нааразылык акциясына катышкандардын үч өкүлү ЖАКка кирип, мекеменин жетекчилиги менен жолугушкан.

Улан Токтосуновдун туугандары ЖАК анын Бишкекке которулшунда коркунуч бар экенин четке какпай турганын билдиришти.

Ошол эле учурда мекеме Токтосуновдун коопсуздугун камсыздоого убада берген.

Бүгүн Сакал каймана аты бар кримтөбөл Нарындагы тергөө абагынан Бишкекке которулуп жатканы белгилүү болду.

Эске салсак, 2015-жылдын май айында Улан Токтосунов Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү Дамир Сапарбековду өлтүрүү иши боюнча мамлекеттер аралык издөөгө жарыяланган. Өлтүрүү криминалдык чыр-чатактардын негизинде болгон. Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси «адам өлтүрүү» менен кылмыш иши козголгон. Улан Токтосунов камакка алынганга чейин Түркияда жашынып жүргөн.

2016-жылы декабрында Биринчи май райондук соту аны бир нече берене менен күнөөлүү деп таап, 17 жылга эркинен ажыраткан.

Эң көп окулган жаңылыктар