21:13
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Мамлекеттик бажы кызматынын 50гө жакын кызматкери иштен бошотулду

Мыйзамдагы ууру деп аталган Камчы Көлбаев жана Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен байланышы бар делген мекеменин 50гө жакын кызматкери иштен бошотулду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Камчы Көлбаев менен тыгыз байланыштарды аныктоо боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө Мамлекеттик бажы кызматында ички мекемелик буйруктарды бузган айрым кызмат адамдар аныкталган.

Мекеменин 50гө жакын кызматкери криминалдык авторитет Камчы Көлбаев жана Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары менен тыгыз байланышта болушкандары ачыкка чыккан. Алар ээлеген кызматтарынан бошотулду.

Учурда тиешеси бар башка кызматкерлерди аныктоо иштери уланууда.

Эске салсак, 4-октябрда Бишкекте атайын операциянын жүрүшүндө Камчы Көлбаев жок кылынган. УКМКнын басма сөз борбору уюшкан топтун лидерин кармоо жүргүзүлүп, куралдуу каршылык көрсөткөндөн кийин өлтүрүлгөнүн билдирген.

Ушундан кийин социалдык тармактарда кримавторитеттер Улан Токтосунов (Сакал), Кадырбек Досонов (Дженго), Улан Барчакеев (Узун Улан), Бактыбек Аманкулов жана Алмазбек Эрмекбаевдин криминалдык макамдан баш тартып, мындан ары Кыргызстандын мыйзамдарын сактоого убада берген видео кайрылуулары пайда боло баштаган.

Эң көп окулган жаңылыктар