19:28
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Эми менин үйүм Украина. «Турандын» командири согушка баргандыгы жөнүндө

2022-жылдын ноябрь айында Кыргызстандын жараны Алмаз Кудабек уулу Украинанын куралдуу күчтөрүнүн катарында согушуп жаткан түрк тилдүү «Туран» батальонунун түзгөндүгүн билдирген. Өзү жаңы аскердик түзүлүштүн командири болуп, 24-февралдан бери согушуп келет.

Орусиялык саясий технологдор бул долбоор украиналык стратегдер түзгөнүн дароо айтып чыгышкан. Ал эми түрдүү түрк тилдүү өлкөлөрдүн жарандары өз эрки менен кирген батальондо бул маалыматты четке кагышууда.

«Турандын» командири согуштук аракеттерге катышкандыгы үчүн өз өлкөсүндө эркинен ажыратылат. УКМК Кылмыш-жаза кодексинин «Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагында куралдуу кагылышууларга же согуш аракеттерине катышуусу же террористтик актыны жасоо үчүн даярдыктан өтүшү» беренеси менен ага кылмыш ишин козгогон. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Алмаз Кудабек уулу Украинага 2021-жылы декабрь айында мигрант катары чыгып кеткен.

24.kg редакциясы аны менен байланышууга аракет кылып көрдү, бирок ал өзүнүн жайгашкан жерин жашырып, байланышка чыккан жок. Украиналык кесиптештерибиз биздин суроолорубузду ага беришип, Алмаз Кудабек уулу аларга жазуу түрүндө жооп берүүгө макул болду.

— Сиз бир маегиңизде согуштун башында Гостомель беш саат бою аткыланган учурда өзүңүздүн эң биринчи коркуу сезимиңиз эсиңизде экенин бөлүшкөнсүз. Өлө турганыңызды ойлоп, жакындарыңыз менен оюңузда коштошуп койгонуңуз тууралуу айткансыз. Бул сезим көнүмүш эле болуп калдыбы же коркууну сезбей калдыңызбы?

— Өлүп калуу коркунучу ар бир адам баласы үчүн табигый көрүнүш. Бирок фронтто узак убакыт болсоң көп нерсе көндүм адатка айланып калат. «Туран» батальонундагы ар бир баатыр үчүн коопсуздук эрежелери биринчи орунда турат. Жаңы келген ыктыярчыларды дагы көрсөтүлгөн принциптердин негизинде машыктырууга аракет кылабыз.

Гостомелден коркунучтуу Бахмут гана болгонун кошумчалайм, анда душмандын артиллериясынан жашырынуу дээрлик мүмкүн эмес болчу.

Алмаз Кудабек уулу

Душман колдонгон кассета жана күйгүзүүчү ок-дарылар көбүнчө паниканы жана бул нерселерден алысырак качуу каалоосун жаратат. Өзүңдүн жана жалпынын ишенимдерине ишенүү менен гана туруштук берүүгө болот.

— Буга чейин Гостемелдин алдында сиздин көзүңүзгө бардыгы, анын ичинде мекендештериңиз дагы жок кылуу керек болгон душман көрүнүп калганын айткансыз. Ал эми башка интервьюларда өзүңүздүн элиңизди жана өлкөңүздү жакшы көрөрүңүздү билдиргенсиз.

— Кыргызстан — менин Мекеним, мен аны дайыма жакшы көрөм. Бирок менин үйүм азыр — Украина, мен Украина үчүн согушам. Көп кыргыздар колдоо көрсөткөнү гана жеңилдик берет, мен көптөгөн мекендештерим менен чогу согушуп жатам.

— Батальондун түзүлгөнүнө жарым жылдан ашты. Бул убакыт ичинде толугу менен кандай өзгөрүүлөр болду?

— Өзгөрүүлөр болгон жок, болгону мурункудан көбүрөк иштеп жатабыз. Түрк тилдүү өлкөлөрдөн көп ыктыярчылар келип жатат, алар Россиядагы мусулмандарга жана түрктөргө болгон кысым тууралуу билишет. Ал жактан кошулгусу келгендер көп жазышат. Кантип, эмне менен жардам берүүгө болорун сурашат.

Каалоочулар жетиштүү эле. Батальонго душман агенттерин киргизүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруу үчүн биз ар бирин кылдат текшеребиз. Мындай учурлар болгон. Алар дароо Укранинанын коопсуздук кызматына өткөрүлүп берилген. Андан ары алар эмне болгонун билбейм.

Азыр биз режимди ичинен алсыратуу үчүн активдүү түрдө Россиянын жактоочуларын издеп жатабыз. Биздин маалыматка караганда, ал жакта азыр 6 миллион түрк тилдүү жаран жашайт. Артыкчылык биринчи кезекте согуштук же такыр болбосо аскердик тажрыйбасы бар жаштарга берилет.

«Туранда» бардыгы өз эрки менен келгендер, биз Украиннанын аскердик күчтөрүнүн штатында эмеспиз.

Алмаз Кудабек уулу

Кайрымдуулуктун негизинде же башка бөлүмдөрдүн жардамы менен каржыланабыз. Мисалы, «Азовдон» ага-инилер бизге курал-жарак менен дагы, кеңештер менен дагы жардам беришет. Акча, согуштук кийимдер, унаа жана башкалардын бардыгы Англиядан, Германиядан, ошондой эле, калкынын басымдуу бөлүгү түрк тилдүүлөр болгон өлкөлөрдөн: Казакстан, Кыргызстан, Азербайжан, Өзбекстандан келет. Бардыгы жетиштүү.

— Сиз көп коопту жерлерде болгонсуз — Херсон, Бахмут, Запорожье... Кайсыл жерде эң оор болду?

— Эң оор Бахмут болгон

— Сиз дайыма туткундар менен сүйлөшөсүз. Алар согушка кантип барып калышкан?

— Согуштук аракеттердин интенсивдүүлүгүнө байланыштуу туткундар менен аз иштешебиз. Аларды дароо эле Украинанын согуштук күчтөрүнө өткөрүп беребиз.

Сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк жаралган орус туткундарынын көбү эмне үчүн келгенин түшүнбөй эле мобилизация болушкан.

Алмаз Кудабек уулу

Согуштун башында биздин тарапка өтүп, батальондо калып калган же башка бөлүктөрдөн которулуп келгендер бар. Алардын атын атабайм. Бирок алардын арасында астрахандык казак, кыргыздар да бар, аларды алдамчылык менен согушка алып келишкен.

— Кыргызстанда УКМК сизге карата кылмыш ишин козгогон. Сиз эми үйүңүзгө келе албайсыз. Буга чейин Кыргызстандын Украинадагы элчилиги дагы сизге байланышка чыгып, мекениңизге кайтууну сунуштаган, бирок сиз баш тарткансыз. Андан кийин дагы сизге бул сыяктуу сунуш же эскертүү, коркутуу менен кайрылышкан жокбу?

— Алар менин досторумду жана үй-бүлөмдүн жанын койбогондон кийин аларды өлкөдөн алып чыгууга туура келди. Кандай болгонун айтпайм. Коркутуулар күнүгө болот, бирок колдоо сөздөрү дагы көп. Ошондуктан мен өзүмдүн идеалдарыма толук ишенем.

— Азыр үй-бүлөңүз кандай? Алар сизден согушка катышуудан баш тартууңузду суранышкан жокбу?

— Жакындарым барына түшүнүү менен мамиле кылышат. Мен үчүн кабатыр болушат, бирок бул көнүмүш нерсе.

— Фронтто жүрүп көңүлүңүз калган жокбу, азыр эмнени эң көп каалап жатасыз?

— Жаркын келечек тууралуу кыялдар фронттогу кйгылуу күндөрдү унуттурат. Бардык баскынчыларды кууп чыгып, Россиядагы кордолгон эже-карындаштарыбызды куткарганда. Пландар масшатбдуу, эс алууга кажет жок.

Эң көп окулган жаңылыктар