00:53
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Ниязалиеванын штабынан кармалган эки киши камакка алынды

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренеси — «Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу» боюнча козгогон кылмыш ишинин алкагында У.Р. жана А.А. аттуу жарандарды кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизди.

Бул тууралуу «Азаттык» аталган мекеменин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө таянуу менен маалымдады.

Милициядан кабарлашкандай, учурда аталган эки жаран тергөө менен кызматташып жатышат. Иликтөө иштери уланууда.

Аталган эки жаран № 26 бир мандаттуу Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Дамира Ниязалиеванын штабынан 29-май күнү кечинде кармалышкан. 30-майга караган түнү милиция анын штабында тинтүү иштерин жүргүзүп, штабдын эшигин жаап, мөөр басып кеткен. Милиция кызматкерлери кылмыш иши интернетте тараган аудио жазмадан соң козголгонун билдиришкен.

Мунун алдында интернетте Ниязалиеванын добушуна окшош аялдын шайлоо штабынын кызматкери делген адам менен сүйлөшүүсү тараган. Алар кишилерди ташып келүү, акча берүү жана башка темаларды сүйлөшкөн. Ниязалиева ал видеодогу сөздөр чындыкка дал келбей турганын «Азаттыкка» берген комментарийинде билдирип, аудиону «монтаж» деп сыпаттады.

Дамира Ниязалиева өзү дагы 30-майда Бишкек шаардык милициясына суракка чакырылганын «Азаттыкка» ырастап, «милиция аны менен иштешкен эки-үч бала кармаганын» тактаган болчу.

Айрым басылмалар кармалгандар шайлоодо Ниязалиева менен иштешкен Али-Аскар Абдыралиев менен Роман Уметбеков экенин жазып жатышат.

Жекшембиде № 26 Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына кайра шайлоо өттү. Борбордук шайлоо комиссиясынын баштапкы маалыматтарына ылайык, добуш берүүгө 125 миңдей шайлоочунун 13,95% же, 17 423ү гана катышты. 29 талапкердин ичинен алдыга чыккан Ниязалиева 35%, же 6 242 добуш алган.

Ниязалиева Фейсбуктагы баракчасында буга байланыштуу айыптоолорго жооп берип, социалдык тармактарда жарыяланган видеолорду «атаандаштардын каралоосу» катары сыпаттаган.

Эң көп окулган жаңылыктар