13:53
USD 87.45
EUR 102.63
RUB 1.09

Камчыбек Ташиев коррупцияга каршы күрөштүн экинчи этапы башталганын билдирди

УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев коррупцияга каршы күрөш боюнча маалымат берди.
 
Анын айтымында, күрөштү биринчи этабы аяктады.
 
«Биз ойлогондой оңой болгон жок, эки-үч ай, ашып кетсе 6 айда дегенбиз, а бирок, 2,5 жылга созулду, өтө көп эмгекти, өжөрлүктү, чынчылдыкты жана чыдамкайлыкты жумшадык», — дейт ал.
 
УКМК коррупцияга каршы күрөштүн экинчи этабын баштайт. Ал 1-1,5 жылга созулушу күтүлөт. Камчыбек Ташиев бул жолу максималдуу жазалар колдонолорун эскертти.
 
«Буга чейин колго түшкөн коррупционерлер келтирген зыянын бир нече эсе төлөп, анан соттун чечими менен женилирээк жаза алып кутулуп келген. Эми биз коррупционер келтирген зыянды эле эмес, колундагы баардык мүлкүн жана соттон мыйзамдын беренесинде каралган эң жогорку жазаны чектейбиз, көзөмөлдөйбүз. Коомубуз түшүнүш керек: биз аёсуз күрөш жана ачык айкындуулук менен гана мамлекетибизди өнүктүрөбүз», — дейт Камчыбек Ташиев.
 
 
Эң көп окулган жаңылыктар