16:47
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Токмок шаарында алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

Токмок шаарында алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылаыйк, 2023-жылдын 11-апрель күнү Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнө арыз менен жергиликтүү жашоочу М.Ф. кайрылып, март айында Ш. жана Б. аттуу жарандар ишеничке кирип 260 миң сом турган 2 тонна балык жемин сатып алууга буйрутма беришип, жемди алгандан кийин акчасын төлөбөй изин жашырып кеткенин билдирип, чара көрүүнү суранган.

Арыз Токмок шаардык ички иштер бөлүмүндө катталып, Кылмыш-жаза коексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Токмок ШИИБдин кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам-тергөө аракеттеринин натыйжасында, аталган жарандардын бири такталып, ал Нарын облусунда 1990-жылы туулган Н.А. экендиги такталып, тергөө кызматы тарабынан ЖПКнин 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Кылмыш иши боюнча тергөө улантылып жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар