23:56
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

42 жыл таарынышып жүрүшкөн хирургдар Мамакеев менен Акрамов элдешти

42 жылдан бери таарынышып жүрүшкөн белгилүү хирургдар Мамбет Мамакеев менен Эрнст Акрамов элдешти. Бул тууралуу социалдык тармактарда жарыяланды.

Эрнст Акрамов Мамакеевдин окуучусу болгон. Бири 96 жашта, экинчиси 86 жашта. Экөө эмнеден улам уруша кетишкени белгисиз.

Бирок алар 42 жыл бою бири-бирине таарынып, көрүшпөй келишкени айтылат. Мамбет Мамакеев, Эрнст Акрамов экөө тең Кыргыз Республикасынын баатырлары.

Эң көп окулган жаңылыктар