10:37
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Баткенде жабыркагандарга топтолгон акчанын жарымы коротулду

Баткен облусунда жабыркагандарга ачылган атайын эсепте 172 миллион 922 миң сом калды. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Элден жалпысынан Министрлер кабинети ачкан эсепке 349 миллион 316 миң сом топтолгон. Анын 172 миллиону сарпталды.

Акча каражаты эмнеге сарпталып жатканы боюнча маалымат жок.

Министрликтин билдирүүсүндө, чыгымдарды президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жүргүзөт. Аймактын жетекчиси 2021-жылы топтолгон акча боюнча дагы отчет берген эмес.

Эң көп окулган жаңылыктар