11:07
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Бишкектин мэри жаңы кеңешчисин дайындады

Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров Мурат Осмоновду кеңешчи кылып дайындады. Бул тууралуу муниципалитет билдирди.

Алардын маалыматында,  Мурат Осмонов буга чейин Улуттук статистика комитетине караштуу «Интеллектуалдык маалыматтар борбору» мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары болуп иштеген.

«Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрине ылайык дайындалды.                                    


Эң көп окулган жаңылыктар