04:47
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Садыр Жапаров Курманбек Бакиевди мекенине кайтаруу боюнча пикирин билдирди

Мурдакы президент Курманбек Бакиев мекенине кайтса камакта олтурат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди.

Ал Курманбек Бакиевди кайтарып келүү ою жоктугун белгиледи.

«Көпчүлүк бул жолугушуу ушул максатты көздөгөнүн жазышууда. Эгер Бакиевди алып келе турган болсок, анда Дубайда эмес, Бишкекте эле чогултмакпыз да. Бакиевден башкасынын баары Бишкекке келе алат. Бакиевге соттун чечими бар. Ал келсе камакта олтуруш керек. Соттун чечимдерине баш ийишибиз керек. Менин жолугушуум боюнча айтсам. Биздин Баш мыйзамыбыз эң жогорку мыйзам. Мыйзамдардын атасы. Баш мыйзамдын 66-беренесинин 2-пунктунда «Президент элдин жана мамлекеттик бийликтин биримдигин камсыз кылат» деп милдеттендирип турат. Мен милдетимди аткарып жатам. Ал эми жоопко тартылуусу боюнча болсо, ар бир адам Кудай алдында, тарых алдында, мыйзам алдында өзүнүн күнөөсү үчүн жооп берет», — деди Садыр Жапаров.

Эң көп окулган жаңылыктар