16:14
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Түркмөнстан бир палаталуу парламентти кайра кайтарууну пландоодо

Түркмөнстандын экс-президенти Гурбангулы Бердымухамедов парламенттин жогорку палатасын кайра жоюп, бир палаталуу системага кайтууну сунуштады. Бул тууралуу ал 11-январда өлкө парламентинин кош палатасынын жыйынында билдирди.

Сунушка ылайык, эки жыл мурун гана парламенттин жогорку палатасы деп жарыяланып, төрагалыгына өлкөнүн ошол кездеги президенти Гурбангулы Бердымухамедов шайланган Халк Маслахаты (Элдик кеңеш) кайрадан бийликтин өз алдынча органы болуп калат. Ага Конституцияны өзгөртүү, конституциялык мыйзамдарды кабыл алуу, өлкөнүн ички жана тышкы саясатын аныктоо ыйгарым укуктары берилери кабарланды.

Экс-президент жаңы түзүлө турган Халк Маслахаты өз ичине бийликтин бардык бутактарын камтый турганын белгилеп, анын келечектеги курамын төмөндөгүдөй кылууну сунуштады: Халк Маслахатынын төрагасы, өлкө президенти, Межлис төрагасы, Жогорку соттун төрагасы, Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы, Межлис депутаттары, Министрлер кабинетинин мүчөлөрү, Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүл, башкы прокурор, юстиция министри, облус, район жана шаар акимчиликтеринин башчылары, Халк Маслахатынын аймактардагы бөлүмдөрүнүн, жергиликтүү бийиктердин өкүлдөрү, саясий партиялардын, кесиптик кошуундардын жана башка коомдук уюмдардын жетекчилери, коомчулук өкүлдөрү жана аксакалдар.

Эң көп окулган жаңылыктар