16:21
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Түркиядагы зилзалада кыргызстандык келин мерт болгону кабарланды

Түркиянын Сирия менен чектеш Хатай провинциясында зилзаладан Кыргызстандын бир жараны каза тапканы кабарланды.

Аталган провинциянын Хатай шаарында кыргызстандык келиндин сөөгү кыйраган үйдүн урандыларынын алдынан табылганын 9-февралда Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу «Азаттыкка» билдирди.

Маалыматка ылайык, 37 жаштагы кыргызстандык келин хатайлык карыяны багып, иштеп жүргөн. Карыя менен кошо аны караган келин да набыт болгонун консулдукка иш берүүчү үй-бүлө тастыктаган.

Консулдуктун кызматкерлери учурда мигрант келиндин сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүү боюнча иш жүргүзүп жатканы белгилүү болду. Азырынча маркумдун тек-жайы тууралуу толук маалымат бериле элек.

Буга чейин социалдык тармактарда Хатай шаарында иштеп жүргөн М.Б. аттуу кыргыз жараны апаат болгон түндөн бери байланышка чыкпай жатканы тууралуу кабарлар тараган.

6-февралдагы катуу зилзаладан кийин Кыргызстандын Анкарадагы элчилиги Түркиянын жер титирөөдөн жабыр тарткан аймактарындагы кыргыз жарандары үчүн ыкчам штаб түзүлгөнүн билдирген.

Кыргызстандын Стамбулдагы жана Антальядагы башкы консулдуктарынын кызматкерлери Хатай шаарындагы байланышка чыкпай жаткан кыргыз жарандарын издөө иштерин жүргүзүүдө.

Түркияда жана Сирияда дүйшөмбү күнү болгон удаалаш жер титирөөлөрдөн набыт кеткендер 20 миңге жакындады. Курмандыктардын 17 миңдейи Түркияда экенин бул өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа 9-февралда кечке жуук кабарлады. Кыйратуучу зилзаладан өлгөндөрдүн 37% дал ушул Хатай аймагынын тургундары. Түрк бийлиги он миңдеген адамдар жаракат алганын билдирүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар