19:00
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Түркмөнстанда бюджет кызматкерлери пахта теримге мажбурланууда

Түркмөнстандын бир катар аймактарында пахта терим башталып, бюджеттик кызматкерлердин көбү талаа иштерине мажбурлап жөнөтүлүүдө. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматынын кабарчылары билдиришти.

«20-августта Лебап облусунда мамлекеттик мекеме-ишканалардын дээрлик бардык кызматкерлери пахта терүүгө жөнөтүлдү. Алардын арасында мугалимдер, дарыгерлер, ошондой эле музейлердин, китепканалардын, вокзалдардын кызматкерлери, жада калса аэропорттун кызматкерлери да бар. Аптанын жалгыз эс алуу күнүн 40 градус ысыкта, талаада өткөрдүк. Администрация кызматкерлери талааларды кыдырып, кимдер келип-келбегенин текшерип жатышты», — деди түркмөнабаддык энергетик.

Ал талаада бир да комбайн көрүнбөгөнүн, пахта кол менен гана терилип жатканын белгиледи. Анын айтымында, кызматкерлер пахта талаасында түнөөгө аргасыз болушууда, бирок жетекчилерге пара берүү менен маселени чечүүгө болот.

— Ар бир уюмдан 10 адам 10 күнгө жакынкы райондордогу пахта талааларына жөнөтүлөт. Ал эми жетекчилерге 400-500 манат пара берсең, сенин ордуңа өзүлөрү башка киши табышат. Бул учурда жумушка чыкпай койсоң болот.

Балкан облусунда дагы пахта терим эмгекке мажбурлоонун эсебинен ишке ашууда.

Талааларга бюджет кызматкерлери менен катар жоокерлер дагы чыгып жатат.

Түркмөнстан быйыл 580 миң гектар аянттан 1 миллион 250 миң тонна пахта жыйнап алууну пландаштырууда. Өлкөдө пахта терүү сезону декабрдын ортосуна чейин уланат.

Түркмөнстан өкмөтү бир нече жылдан бери пахта теримге элди мажбурлаганы үчүн сынга алынып келет.

Эң көп окулган жаңылыктар