USD87.45EUR98.04RUB1.04
24.kg

Тажикстанда алгачкы жолу сиам эгиздерин ажыратуу боюнча операция жасалды

10:23, 09 января 2023, Бишкек - 24.kg

Тажикстанда өлкө тарыхында алгачкы жолу сиам эгиздерин ажыратуу боюнча операция жасалды. Бул тууралуу «Озоди» радиосу кабарлады.

Эгиздер эки жума мурда Хатлон облусундагы Восей районунда жарык дүйнөгө келишкен. Душанбедеги улуттук медициналык борбордо жасалган операция эки саатка созулуп, жыйынтыгында эгиздердин бири чарчап калды. Дарыгерлер ал башы менен бир тууганынын далысына жабышып төрөлгөнүн, анын жашап кетүүгө такыр мүмкүнчүлүгү болбогонун айтышты.

Аман калган экинчи кызга Саёхат деген ысым берилди. Учурда анын абалы жакшы.

Сиам эгиздери — жатында толук бөлүнбөй калган жана дене бөлүктөрү же ички органдары бир болуп төрөлгөн эгиздер.

Views
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика