14:03
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Тажикстанда тургундар электр энергиясы өчүрүлүп жатканына даттанууда

Тажикстандын түрдүү аймактарында жашаган тургундары октябрь айынан бери электр жарыгы өчүрүлүп жатканына даттанып келишет.

15-ноябрда «Барки точик» мамлекеттик энергохолдинги «Озоди» радиосуна өчүрүүлөр оңдоо иштерине байланыштуу экенин билдирди.

«Мындай иштер жыл сайын ушул мезгилде жүргүзүлүп келет. Мындан тышкары азыркы учурда Нурек, Сарбанд жана Кайраккум ГЭСтеринде да оңдоо иштери жүрүп жатат», — деп жазылган мекеменин жазуу түрүндө жөнөткөн жообунда.

Ал ортодо аты-жөнүн айткысы келбеген жергиликтүү эксперттердин бири электр жарыгынын өчүрүлүшү оңдоо иштерине байланыштуу эмес деген пикирин билдирди.

«Оңдоо иштери совет мезгилинен бери эле сентябрда жүргүзүлүп келген. Трансформаторлор менен зымдар текшерилип, бактардын тоскоолдук жараткан бутактары кесилет. Буга көп болсо эки жума кетет. Менимче, өчүрүүлөрдүн негизги себеби — суу-энергетикалык ресурстардын жетишсиздиги», — деди ал.

Анын айтымында, жайында Тажикстан сууну Өзбекстан менен Казакстанга берип, кайра жетиштүү көлөмдө суу топтой албай калган.

«Мындан тышкары экономикага чет өлкөлүк валютанын агымы керек. Өлкө башка эч нерсе өндүрбөгөндүктөн, электр энергиясын экспорттоо артыкчылыктуу бойдон калууда», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар