11:16
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Украинадагы согуштан дагы бир тажик жараны өлдү

Украинада өлгөн дагы бир тажикстандыктын сөөгү мекенине жеткирилет. 39 жаштагы Максад Курбоновдун жакындары ал Архангельск шаарындагы түрмөдө жазасын өтөп жүргөндө согушка жөнөтүлгөнүн жана Бахмут шаарынын алдындагы кармашта өлгөнүн билдиришти.

Тажик бийлиги Украинада жарандарынын каза болуп жатканы боюнча комментарий бербей келет.

Маркумдун атасы Файзулло Курбонов уулу менен акыркы жолу былтыр октябрда сүйлөшкөнүн айтат.

«Максад Мариуполго иштөөгө жөнөтө турганын кабарлаган. Мен андан: өз эркиң менен барасыңбы же кыйнап жатышабы деп сурагам. Ал түрмө жетекчилиги Мариуполго жөнөтүү үчүн 100дөн ашык соттолуучунун тизмесин түзгөнүн айткан. Эгер байланышпасам, кабатырланбагыла деген. Бул биздин акыркы сүйлөшүүбүз болгон», — деди атасы.

Файзулло Курбонов соттолгондорду Украинадагы согушка жөнөтүү тажрыйбасын токтотууга чакырат.

«Озоди» радоисунун эсеби боюнча Украинада кеминде эле Орусияда жазасын өтөп жүргөн алты тажикстандык мерт болду.

Эң көп окулган жаңылыктар