10:42
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

БУУ тажик бийлигине активисттер экстермист же террорист эмес экенин эскертти

БУУнун эксперттери Тажикстандагы укук коргоочулар, журналисттер жана жарандык активисттердин соттолуп жатканына дагы бир ирет тынчсыздануусун билдиришти.

«Укук коргоочулардын мыйзамдуу жана тынч ишмердүүлүгүн криминалдаштыруу Тажикстандын адам укуктары боюнча эл аралык милдеттенмелерине туура келбей турганын өкмөткө эскертебиз», — деп айтылат алардын 4-июлдагы билдирүүсүндө.

Акыркы бир жылда Тажикстанда сегиз журналист, ошондой эле бир нече укук коргоочу жана жарандык активисттер экстремисттик уюмдар менен кызматташкан деген айып менен жети жылдан 29 жылга чейин эркинен ажыратылган. Алардын айрымдары Тоолуу Бадахшан автоном облусунда памирлик азчылыктын укугун коргошкон.

«Укук коргоочуларды экстремисттерге жана террористтерге теңөө өтө кооптуу көрүнүш», — деп айтылат билдирүүдө.

БУУнун эксперттери тажик бийлиги өлкөдөгү сынчыл ой жүгүрткөндөрдүн, пикирин ачык билдиргендердин үнүн басуу үчүн антитеррордук мыйзамды кыянаттык менен пайдаланып жатканына кабатыр.

Эң көп окулган жаңылыктар