06:53
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Курултайдын эртеси. Аксакалдар президентке маселелерди дагы бир жолу айтышты

Садыр Жапаров биринчи элдик курултайдын аксакалдар кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Анда, курултайда эки күн бою ачык-айкын сөздөр айтылып, ошонусу менен бул жыйын өзгөчөлөнгөнү белгиленди.

«Садыр Жапаров эл ичинен шайланып келген делегаттар көйгөйлүү маселелерди, аларды чечүүнүн жолдорун өлкөнүн бийлик бутактарынын жогорку жетекчилеринин алдында ачык айтышканын ырастады. Бул Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экендигин, өлкө демократиялык туура жолдо баратканын айгинелеп турат» — деп айтылат маалыматта.

Президент бүгүнкү күндө «Элдик Курултай жөнүндө» мыйзам долбоорун андан ары жылдыруу маселеси тургандыгын кошумчалаган.

Өз кезегинде аксакалдар биринчи кезекте көңүл бурула турган маанилүү темаларды дагы бир жолу белгилешкен.

«Заводдорду жана ГЭС куруу, чет өлкөдөгү мигранттарды өлкөгө кайтаруу, генофонд жана энелик капитал жөнүндө мыйзамдарды иштеп чыгуу ж.б. компоненттерди камтыган 2050-жылга чейинки Өнүктүрүү программасын түзүүнү сунушташты» — деп жазылган маалыматта.

Бул маалыматта жапырт камакка алынган активист, саясатчылар тууралуу сөз козголгону айтылган эмес. Президент менен жолугушуудан кийин аксакалдар кеңешин төрагасы Кадыр Кошалиев «Азаттыкка» берген маегинде мамлекет башчынын алдында камакта отургандардын маселеси көтөрүлгөнүн айткан.

Анын пикиринде, Кемпир-Абад маселесине байланыштуу камакка алынгандардын айрымдары жакынкы арада боштондукка чыгышы мүмкүн.

«Бир канчабыз, ошонун катарында мен да айттым бул маселени. Мында экиге бөлүп караш керек го — сөз эркиндиги биздин байлыгыбыз, аларга өзүнчө, ал эми революцияга үндөгөндөр болсо, аларга өзүнчө мамиле болуш керек. Бирок алардын ичинде аялдар да бар экен. «Президенттин колунда өзүнүн мүмкүнчүлүктөрү бар, айкөлдүк көрсөтсүн» дегендер да болду. Кудай буюрса, жакынкы келечекте баары болбосо да бир бөлүгү чыгып калышы мүмкүн деп ойлойм. Баары мыйзамга жараша чечилерин айтты. Кээ бирлеринин аты аталып, чет өлкөлөрдөн келип түшкөн каражатты туруктуулукту бузууга, революцияга үндөөгө иштетүүгө аракет болгондугу, ошонун тегерегинде саясий кызыкчылыктар жатканы жөнүндө айтты. Ар бири боюнча персоналдуу түрдө териштирүү жүргүзүп, кимисинин аракети кыргыз мамлекеттүүлүгүнө коркунуч алып келгенин же болбосо тек гана кайсы бир маселе боюнча оюн эркин айтканын эки бөлүп кароо жөнүндө биздин оюбузду түпкүлүгүндө кубаттай турганын айтты», — деген Кадыр Кошалиев маекте.

Эң көп окулган жаңылыктар