Учурда Бишкек шаарында өтүп жаткан Элдик курултайда президент, парламенттин спикери жана министрлер кабинетинин төрагасы сүйлөп бүткөндөн кийин, делегаттарга сөз берилди.
Чүй облусунан келген делегат Азиз Сейиталиевдин айтымында, өлкөдө мугалимдердин маянасы көбөйгөнү менен мектептердин абалы начар бойдон калууда.
«Сокулук районунун Ат-Башы айыл аймагына караштуу айылдарда 500 окуучуга ылайыкталган мектептерде эки миңден ашык бала билим алып жатат. Манас айылында 2019-жылы салына баштаган мектептин кошумча корпусунун курулушу токтоп турат. Азыр четинен урай баштады», — деди Чүй областынан шайланып келген делегат.
Баткен облусунан келген делегат Жамалдин Рахманбердиев парламентти «Элдик курултай» тууралуу мыйзамды тезирек кабыл алып берүүнү өтүндү.
Мындан тышкары, ал ички органдарын алмаштырууга муктаж жарандар көбөйүп жатканына токтолду.
«Кыргызстандын жогорку окуу жайларында Индиядан, Пакистандан келген студенттер билим алып, кайра өз өлкөсүнө барып иштеп жатышат. Ал эми, Кыргызстанда боору, бөйрөгү ооругандар чет өлкөлөргө барып операция жасатууга аргасыз. Акча таппай мечит, базарларда тилемчилер көбөйдү. Бишкек жана Ош шаарларында медициналык борборлор ачылып, керектүү жабдыктар менен камсыздалса, элге жардам болмок», — деди Баткен областынан келген делегат Жамалдин Рахманбердиев.

