USD87.45EUR98.04RUB1.04
24.kg

Болот Темиров боюнча элчиликтердин билдирүүлөрү

21:18, 23 ноября 2022, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаардык сотунун журналист Болот Темировду депортациялоо боюнча чечими демократиялык принциптерге каршы келет. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин билдирүүсүндө айтылат.

«Журналисттерге өч алуудан коркпой иштөөгө мүмкүнчүлүк берилиши керек. Сөз эркиндиги Кыргызстандын Конституциясы менен корголгон — бул укуктар сакталышы зарыл», — деп айтылат билдирүүдө.

Улуу Британиянын элчилиги жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндиги корголушу керектигин белгилейт.

«Журналистика айрым учурда ыңгайсыздык жаратышы мүмкүн, бирок ММК эркиндиги корголушу керек. Журналисттер репрессиядан коркпой өз милдеттерин аткаруусуна мүмкүнчүлүк түзүлүшү зарыл», — деп айтылат дипломатиялык өкүлчүлүктүн билдирүүсүндө.

Views
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика