USD87.45EUR98.04RUB1.04
24.kg

Шаардык сот Айбек Бузурманкуловду абакта калтырды

10:16, 10 ноября 2022, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаардык соту бүгүн 9-ноябрда Талас облусунун мурдагы губернатору, активист Айбек Бузурманкуловдун бөгөт чарасын карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. 

Буга чейин ал Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Бишкектеги № 1 тергөө абагына (СИЗО-1) 20-декабрга чейин камалган.

23-24-октябрда оппозициялык маанайдагы жыйырмадан ашуун саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер Кемпир-Абад ишине байланыштуу жапырт кармалып, дээрлик бардыгы эки айга камалышкан.

«Жапырт башаламандык уюштурууга даярданды» деген шек менен камакка алынгандардын саны 26га жетти.

Кармалгандардын арасынан саясатчы Азимбек Бекназаров жана активист Талант Эшалиев бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча шаардык сотко доо арыз жазган эмес.

Биринчи Май райондук соту Бекназаровду 23-декабрга чейин камаган. Ал эми Эшалиев ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси («Жапырт башаламандык уюштурууга даярдануу») менен 20-октябрда козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган жана далилдер жетиштүү экенин билдирген.

Кармалгандар күнөөсү жок экенин айтып жатышат.

 

Views
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика