08:49
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Нариман Түлеев Бишкек кайтарган батирлерди Ипотекалык компанияга өткөрүп берет

Бишкек шаардык мэриясы кайтарып бере турган 8 батирди Нариман Тулеев кайра эле мамлекетке берет. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына билдирди.
 
Нариман Тулеев Айсулуу Тыныбековага берилген батирди кайра албайт.
 
«Мен соттон толук акталып чыктым. Мамлекет конфискациялаган мүлктөн биз «Караван» соода борборун кайтарып алдык. Учурда оңдоо иштери жүрүүдө. Сегиз батирдин Айсулуу Тыныбековага берилгени кайтарылбайт. Калганын мен өз эрким менен Мамлекеттик ипотекалык компанияга өткөрүп берем. Жалпысынан 11 батирди беребиз, андан тышкары, дагы 5-6 батирди караштырып жатабыз. Үйлөрдөн сырткаыр, учурда ӨКМ олтурган «Сапатцентр» бизнес борборун жана Үмөталиев көчөсүндөгү Санариптик министрлиги олтурган имаратты дагы мамлекетке беребиз», — дейт ал.
 
 
 
 
Эң көп окулган жаңылыктар