15:05
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

УКМК: Суракматов мамлекетке 150 млн сом төгүп, үй камагына чыгарылды

Бишкек шаарынын мурунку мэри Азиз Суракматов кылмыш ишинин алкагында тергөө менен келишим түздү. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын экс-мэри Азиз Суракматовго Биринчи Май райондук сотунун мурда камакка алуу түрүндө тандалган баш коргоо чара чечими кылмыш иши боюнча тергөө аяктаганга чейин сыртка чыкпоо жөнүндө баш коргоо чарасы каралды.

Тергөөдөгү сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик мыйзамына ылайык, А.Суракматов менен тергөө менен кызматташуу жөнүндө процесстик келишим түзүлүп, ага ылайык, А. Суракматов Бишкек шаарындагы башка жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүштүрүү фактылары боюнча көрсөтмө берген, ошондой эле келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн 170 млн сомдун 150 миллионун кайтарып берген.

Калган чыгымдарды төлөө графиг боюнча А. Суракматов тарабынан төлөнүп берилет. Кылмыш иши боюнча, бул ишке тиешеси бар адамдардын бардыгын аныктоого багытталган тергөө-оперативдик иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар