17-октябрда Ош шаарында элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү жамааттын жыйындарын өткөрүү иштери башталды. Бул тууралуу шаар мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, графикке ылайык, биринчи жыйын «Туран» МАБда өттү. Иш-чарага Ош шаардык кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков, шаардык кеңештин депутаттары А.Айтбаев, Б.Баетов, Х.Исамова, А.Раимбердиева катышты.
Жыйындын жүрүшүндө аксакалдар, жарандык активисттер, жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрүнөн Курултайга 59 делегат ачык добуш берүү менен шайланды.

