16:28
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

«Спекулянт» ЖЧКсынын директорун алдап, ири суммада акча алгандар кармалды

«Спекулянт» ЖЧКсынын директорун алдап, чет элдик валютада ири суммада акча алгандар кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сѳз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 3-бөлүгүндө («Алдамчылык») каралган кылмыштын белгилери боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Кыргыз Республикасынын жарандары Д.М.С. жана С.А.К. кармалды.

Алар жеке кызыкчылыгын көздөп, жеке баюу максатында «Спекулант» ЖЧКсынын башкы директору, Россия Федерациясынын жараны Василий Щербиндин ишенимине кирип, анын маселелерин укук коргоо органдарында чечүүгө көмөктөшүүнү убада кылып, чет элдик валютадагы ири суммадагы акча каражатын алып алышкан.

Белгилей кетсек, Д.М.С. жана С.А.К. убадаларын аткарбай, алынган акча каражатын өзүлөрүнө ыйгарып алуу максатында «Спекулант» ЖЧКсынын башкы директору Щербиндин жакындарына кысым көрсөтүшкөн. Ошондой эле, коркутуу менен, республиканын жогорку жетекчилиги менен жеке байланышта экендигин, ошондой эле УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу менен жеке тааныштыгы бар экендигин айтышкан.

Сотко чейинки текшерүү иштин жүрүшүндө Д.М.С. жана С.А.К. кылган ишин мойнуна алды.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар