14:03
USD 87.45
EUR 101.67
RUB 1.12

Шинжаңдык казак Германияда камакта отурганы тастыкталды

Немис полициясы шинжаңдык казак Ерсин Еркинулынын кармалганын ырастады.

Шинжаңдан качып, акыркы эки жылдан бери Украинада жашап, ал жакта согуш башталгандан кийин Евробиримдиктин чек арасынан өткөн Кытай казагы июлдун башында Германияда камакта отурганын билдирген. Ал Кытайга депортацияланышы ыктымал экенине тынчсызданган.

Германиянын Кемптон шаарынын полициясынын өкүлү 13-июлда «Азаттыктын» казак кызматына Еркинулы камакта отурганын тастыктады, бирок кеңири маалымат берген жок.

Полиция өкүлүнүн айтымында, жалпы тажырыйба боюнча эгер өлкөдөн чыгаруу боюнча чечим чыкса, ал жаран Евробиримдиктин кайсы өлкөсүнө биринчи болуп кирсе, ошол өлкөгө депортацияланат. Мартта Еркинулы Украинадан Польшага өткөнүн билдирген.

Немис полициясы адам өмүрү коркунучка кептелген өлкөгө качкынды депортациялабай турганын белгиледи.

Украин чек арачылары Еркинулыны 2020-жылы октябрда ал Польша чек арасына документсиз өтүүгө аракет кылган маалда кармашкан. Ал Украинада депортация жайында отурганын маалымдап, Кытайга кайтарылышы ыктымал экенин, ал жакта аны кыйноо жана өлүм күтүп турганын айтып, жардам сураган. Ошол эле жылы декабрда ал эркиндикке чыккан.

Кытайдын Шинжаң аймагында уйгурлар, казактар жана кыргыздар сыяктуу жергиликтүү мусулман коомчулугунун жүз миңдеген өкүлү лагерлерде негизсиз кармалып тургандыгы 2017-жылдан бери кабарланып келет. Кытай жергиликтүү элдин укугу бузулганын четке кагууда.

Эң көп окулган жаңылыктар