12:24
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

КР «Манас» жана «Ош» аэропортун түрк компаниясына берүүдөн баш тартты

Министрлер кабинети «Манас» жана «Ош» аэропорттору боюнча түрк компаниясы менен келишим түзүүдөн баш тартты. Бул тууралуу маалымат кызматы билдирди.

Төрага Акылбек Жапаровдун айтымында, келишим Кыргызстандын кызыкчылыгына толук жооп бербейт.

"Албетте, ар бир инвестор максималдуу түрдө пайда көрүп кетүүнү каалайт. Бирок, биз дагы максималдуу түрдө элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын көздөшүбүз керек. Мамлекеттин кызыкчылыгына, коопсуздугуна толук жооп берсе, эки жылда дүйнөлүк стандартка ылайык курулушту бүтүрүп, эки аэропортту тең ишке киргизе турган кайсыл гана инвестор болбосун кызматташууга даярбыз. Же болбосо бул долбоорду өзүбүз ишке ашырабыз, бирок бул көбүрөөк убакытты талап кылат",- дейт Акылбек Жапаров.

Эң көп окулган жаңылыктар