22:59
USD 84.77
EUR 103.24
RUB 1.14

Мурдакы премьер-министр Кубатбек Боронов Финполго суракка чакырылды

Мурдакы премьер-министр Кубатбек Боронов Финполго суракка чакырылды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине өздүк булактар билдирди.

Кубатбек Боронов 12-январда коронавирус учурунда алынган гуманитардык жардамды бөлүштүрүүнүн алкагында козголгон кылмыш иши боюнча суралат. Ал күбө катары чакырылды.

Белгилей кетсек, аталган кылмыш иши боюнча мурдакы саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевге айып тагылган. Буга чейин күбө катары Мухеммедкалый Абылгазиев дагы сурак берген.

Эң көп окулган жаңылыктар