17:09
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Токторбаев: Кыргыз алтынын бөлтүрүктөр менен карышкырга кайтарып коюптурбуз

«Кумтөр» алтын кени боюнча маалыматтар жабык болууда. Бул тууралуу депутат Жеңиш Токторбаев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Депутат министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров аны кабыл албай жатканына арызданды.

«Акылбек Үсөнбековичтин жеке өзүнө жана кабылдамасына бир нече жолу кайрылып, тилекке каршы бирда жооп ала алган жокмун. «Кумтөр» алтын кени боюнча элге эл өкүлү катары маалымат беришибиз кажет. Коомчулук айдыңында болуп жаткан сөздөрдөн жана акыркы окуялардан улам менде да күмөн жаралууда. Биз дагы өз байлыгыбызды карышкырга кой кайтарткандай бөлтүрүктөргө, карышкырларга кайтартып коюп отурабыз. Кыргыз эли өз байлыгы тууралуу туздөн-түз кабардар болуп туруусу шарт», — деди ал.

Жеңишбек Токторбаев Акылбек Жапаровдун айланасында сөздөр көп экенин белгилешти.

«Акылбек Жапаровдун чөнтөгүнүн тигип коюп иштетиш керек. Ал төрөлгөндө еврейлер ыйлаптыр дешет», — деди Жеңишбек Токторбаев.

 

Эң көп окулган жаңылыктар