13:36
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Садыр Жапаров Улукбек Марипов инисин кызматтан алганын колдоду

Президент Садыр Жапаров премьер-министр Улукбек Мариповдун инисин кызматтан алганын колдоду. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Улукбек Марипов кечээ Ноокат районунун акими кызматын аркалаган иниси Бакытбек Мариповду иштен алды.

«Туура бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок», — дейт Садыр Жапаров.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчаларын өзү колдонот. Ал кээде айрым постторго комментарий жазып, сынга алган учурлар дагы кездешет.

Эң көп окулган жаңылыктар