13:22
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Өкмөт карантиндик чектөөлөрдү киргизбейт

Министрлер кабинети 24-июнда чукул жыйынга чогулуп, Кыргызстанда коронавируска байланышкан абалды талкуулады.

Жыйында өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды жакшыртуу боюнча маселелер жана илдеттин өсүшүнө саламаттыкты сактоо системасынын даярдыгы каралды.

Кабинеттин төрагасы Улукбек Марипов элге кайрылды. Анын айтымында, өкмөт массалык иш-чараларды өткөрүүнү кошпогондо, кандайдыр бир чектөөлөрдү киргизүүнү көздөбөйт. Ал коронавирустун жайылышынын алдын алууга салым кошууга, былтыркы «кара июлду» унутпоого чакырды.

«Ар бирибиз жакындарыбыздын өмүрү жана ден соолугу үчүн социалдык жоопкерчиликти сезе билишибиз керек. Коронавируска каршы биргелешкен күрөшкө биздин салымыбыз болот. 2020-жылдагы «кара июль» кандай болгонун унута элекпиз. Бул кайгылуу окуялардын кайталанышын эч ким каалабайт. Ар бирибиздин саламаттык жөнөкөй санитардык ченемдерди сактоодон көз каранды. Өзүңүздүн жана жакыныңыздын өмүрүнө коркунуч келтирбеңиз, көп эл чогулган жерлерден алыс болуңуз, тойлорго жана башка ири иш-чараларга барууну чектеңиз», - дейт ал.

Мариповдун маалыматына караганда, COVID-19га каршы вакциналарды сатып алууга бюджеттен 815 миллион сом бөлүнгөн, бирок келишимдер кечигип түзүлгөн.

Кыргызстанда соңку бир суткада дагы 875 кишиге коронавирус жукканы аныкталды. Дагы алты бейтап көз жумганын COVID-19га каршы Республикалык штаб 25-июнда кабарлады.

Ооруканада жаткан 2700дөн көбүрөөк адамдын миңге жакынынын абалы оор.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлагандай, өлкөдө COVID-19 вирусун жуктургандардын расмий эсеби 25-июнда 119 миңге жетип калды. Алардын 107 миңден көбүрөөгү айыгып, 1964үказа болду.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума