03:39
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Чек ара кызматы атышууда бир аскер кызматкери жабыркаганын кабарлады

Саат 14.15ге карата Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Булак-Башы жерлигинде ок атышуу токтогонду. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бир аскер кызматкери жарадар болду.

«Саат 14:07де тараптардын чек ара тарамдары ок атышууну токтотуу боюнча буйрук алганына карабастан, тажик тарап кыргыз тараптын позицияларын саат 14:15ке чейин аткылоону улантты. Ок атышуу учурунда КР УКМКнын Чек ара кызматынын 1 аскер кызматкери жаракат алып, ага керектүү медициналык жардам көрсөтүлгөн», — дейт кызмат.

Азыркы учурда ок атышуу болгон жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү иш алып барышууда. Тараптар окуянын чоо-жайын тактоо үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүшүүдө.

 Бирок 24.kg агенттигине өздүк булактар эки аскер кызматкерине ок тийгенин маалымдашты. 

Эң көп окулган жаңылыктар