16:12
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Алматы полициясы «жоочулар көмүлгөн жер» табылганын билдирди

Алматы полициясы 20-январда «жапырт башаламандыктарга катышкан жоочулар жашыруун көмүлгөн жер» табылганын жарыялады.

Полиция департаментинин расмий өкүлү Салтанат Азирбектин билдиришинче, талоончулардын тек-жайын жашыруу үчүн аларды көмүскө түрдө көмүшкөн.

«Көрүстөн жайгашкан жер жана алардын саны тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн айтылбайт», — деп белгиледи ал.

Казакстандык жана чет өлкөлүк укук коргоочулар бийликтен «Январь окуяларында» жабыркагандар жана өлгөндөр жөнүндө толук маалымат берүүнү талап кылып келет.

Расмий маалымат боюнча башаламандыктан өлгөндөрдүн саны 227 кишиге жетти. Бирок бул сан алда канча көп экени айтылууда.

Казак бийлиги өлкөдөгү жапырт башаламандыктардын артында «эл аралык тероорчулар тобу турганын» билдирген. Бирок буга кандайдыр бир далил келтирген эмес.

Эң көп окулган жаңылыктар