02:44
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Баткендин жетекчилери аскер лицейинде окуп жаткан курсанттардан кабар алды

Дайыр Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейиндеги Баткен облусунан келип 57 бала билим алууда. Бул тууралуу президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн облус жетекчиси Абдыкерим Алимбаев окуу жайда билим алып жаткан аскер курсанттары менен жолугушту.

Ыйгарым укуктуу өкүл баарлашууда Баткен облусу үчүн быйылкы жыл оор болгонун жана аймак мыкты аскер адистерине муктаж экендигин баса белгиледи.

«Силер элдин, мамлекеттин керегине жараган, күчтүү офицер болуп тарбияланышыңар керек. Биз жана жалпы Баткен элинин, ата — энелериңердин ишеничи чоң», — деди Абдыкерим Алимбаев.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума