18:32
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

«Кылыбыз да кыйшайбайт». Эдил Байсаловдун сөзү соцтармакта сын жаратты

Вице-премьер-министр Эдил Байсаловдун «Азаттык» радиосунун түз эфиринде бир катар саясатчылардын катышуусунда айткан сөзү социалдык тармакта кызуу талкуу жаратты.

Көпчүлүк Эдил Байсаловдун билдирүүсүн текебердик менен коомдук пикирди эске албоо катары баалашты.

«Шайлоо учурунда шартын түзүп беребиз. Парламентте президенттин саясатын колдогон көпчүлүк түзүлөт. Биз 45-55 депутат менен иштейбиз. Ошолор мыйзамдар кабыл алынат. Калгандардын пикирине кылыбыз дагы кыйшайбайт», — дейт ал.

Белгилей кетсек, Эдил Байсалов кечээ өкмөттүн жаңы курамында социалдык блок боюнча вице-премьер-министр болуп дайындалды. 

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума