11:25
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Бишкекте «Өнүгүүгө — тең укуктуу өнөктөштүк аркылуу» конференциясы өтүүдө

Бишкекте коомдук жашоодогу аялдар менен эркектердин ортосундагы гендердик теңдик жана тең укуктуу өнөктөшүүсүн илгерилетүүгө арналган «Тең укуктуу өнөктөшүү аркылуу өнүгүү жолдору» аттуу конференциясы өтүүдө. Жолугушууну уюштуруучу — USAIDдин «Жигердүү жарандар» долбоору.⠀

Иш-чаранын негизги максаты  аялдардын лидерлигин күчөтүү. Катышуучулар бул тармактагы негизги көйгөйлөрдү талкуулашат жана аларды чечүү жолдорунун үстүндө иштешет.

«Биз гендердик баланс сакталган демократиялык коомду түзүүгө аракет кылып жатабыз. Өлкө гендердик теңчиликти түзүүнүн үстүндө иштеп жатат. Министрлер кабинети үй-бүлөнү коргоо, балдарды коргоо жана комплекстүү программа боюнча мыйзамдарды кабыл алды», — деди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова конференциянын ачылышында.

Иш-чара фотокөргөзмө жана ар кайсы тармакта лидер аялдардын ийгиликтери тууралуу видеолорду көрсөтүү менен ачылды. Эки күндүк иш-чаранын жүрүшүндө жарандык коомдун жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү аялдардын жарандык демилгелерге катышуусу жана жергиликтүү кеңештердин иши боюнча талкууларды өткөрүшөт.

«Аялдар жергиликтүү жамааттардын кызыкчылыгын коргоп, жергиликтүү кеңештердин лидери болушат. Бүгүнкү конференция  Кыргыз Республикасынын келечегин колдоого дагы бир кадам»,  деди АКШнын Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Н. Коултер айым.

Андан тышкары, катышуучулар аялдардын жергиликтүү чечимдерди кабыл алуудагы катышуусуна таасир этүүчү факторлор боюнча аналитикалык изилдөөнүн жыйынтыктары менен таанышышат. Изилдөөдө гендердик тоскоолдуктар иликтелип, аларды чечүү боюнча сунуштар берилген.

Иш-чарага Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Наталья Никитенко, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, коомдук ишмерлер жана өнөктөш уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

Конференциянын аягында катышуучулар аялдардын лидерлигине көмөктөшүү боюнча иш пландарын иштеп чыгышат. Идеялар кагаз жүзүндө гана калбастан, кийинки жылдын ичинде ишке ашырылат.

 
Эң көп окулган жаңылыктар
24-апрель, шаршемби
23-апрель, шейшемби