Өзбекстандын Олий мажлисинин сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева Бишкекке келди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирет.
Танзила Нарбаева иш сапарынын алкагында бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрөт. Андан тышкары кыргыз-өзбек ишкер аялдарынын форумуна катышат.