Белгилүү түркиялык актер Мерием Үзерли кыргызстандык дизайнер Айкын Арипованын көйнөгүн кийип маалымат жыйынга катышты. Бул тууралуу «Даңазалуу доор» тасмасынын каарманы өзү инстаграм баракчасында жарыялады.
Социалдык тармакта Мерием Үзерлинин бут кийими дагы жергиликтүү дизайнерлердин бирине таандык экени айтылды.
Белгилей кетсек, Мерием Үзерли кечээ Кыргызстанга келип, бүгүн ал маалымат жыйын өткөрдү.