02:17
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Максат айылында 84 үй-бүлөгө жаңы үйлөр пайдаланууга берилди

Садыр Жапаров бүгүн, 27-августта, Баткен облусуна иш сапарынын алкагында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде үстүбүздөгү жылдын апрель айында болгон окуяларда жабыр тарткан Лейлек районунун Максат айылындагы 84 үй-бүлөгө бериле турган жаңы үйлөрдү көрүп чыкты.

Буга чейин, үстүбүздөгү жылдын 6-майында, мамлекет башчысы Баткен облусунан кабар алган учурда бир да жергиликтүү тургун жардамсыз жана зарыл колдоосуз калбай турганын билдирген.

Садыр Жапаров чогулган элдин алдында сүйлөп жатып аларды эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы менен куттуктады.

«Элибиз менен биргеликте оор жоготуулардын ордун толтурууга аракет жасадык. Каргашалуу окуяда 36 эр-азаматыбыз шейит кетти, жүздөн ашык жарандарыбыз жараат алды. Бул кыргыз эли үчүн, биз үчүн оор жоготуу болду. Алардын жакындарына дагы бир ирет терең кайгыруу менен көңүл айтам. Мекен үчүн жан берген атуулдарыбыздын үй-бүлөсүнө аз да болсо жардам көрсөтүүнү колго алып отурабыз. Жабыркаган үйлөрдүн ордуна заманбап шарттары менен үйлөр курулду. Айылдардагы бир топ чечилбей турган социалдык маселелер четтен чечилип жатат. Таза суу, жол, ФАП, мектеп, бала бакча жана башка элеттиктер үчүн эң керектүү делген шарттардын түзүлүшүн камсыз кылууга аракет көрүп жатабыз», — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Президент жаңы үйлөр кут алып келген, ынтымактын үйү болуп, аларда кыргыз эли үчүн, кыргыз мамлекети үчүн ак кызмат кылган патриот уул-кыздар тарбияланып чыксын деген тилегин билдирди.

Садыр Жапаров Баткен районунда бүтө элек 40ка жакын үйдүн курулушу сентябрдын орто ченинде бүтүрүлүп, райондун тургундары бүгүнкү Максат айылында болгондой жаңы үйлөрүнө киришерин билдирди.

Мамлекет башчысы жергиликтүү тургундарга кайрылып, эми коркпой жашай берүүгө болорун айтты. Учурда кыргыз армиясында өлкөнү коргоо жөндөмүн жогорулатуу боюнча реформа жүрүп жатат. Мамлекет өз жарандарынын коопсуздугун толук кайтарууга алат.

«Биз тынчтыкта жашашыбыз керек. Согуш эч кимге жакшылык алып келбейт. Биз аны жакшы билебиз. Кошуна мамлекеттер да жакшы билет. Түбөлүк кошунабыз. Алар да, биз да башка жакка көчүп кете албайбыз. Ошондуктан ынтымакта, биримдикте кошуналык мамиледе жашашыбыз керек», — деп белгиледи Жапаров.

Ал окуялардан жабыр тарткан үй-бүлөлөрдүн жаңы үйлөрүнө зарыл болгон эмеректерди сатып алууга да жардам көрсөтүлөрүн кошумчалады.

Мамлекет башчысы менен жолугушууга Лейлек жана Баткен райондорунун жергиликтүү тургундары жана чек ара окуяларында жабыр тарткан 140 үй-бүлө катышты.

Эң көп окулган жаңылыктар