USD87.45EUR97.88RUB1.03
24.kg

Бишкекте аялдар укугун коргоого арналган салттуу жүрүш өттү

09:31, 09 марта 2021, Бишкек - 24.kg

Бишкекте 8-мартта «Аялдардын тилектештик маршы» өттү. Ондогон адамдар парламент имаратынын алдына чогулуп, Чүй көчөсүн бойлоп Абдрахмнов көчөсүнүн кесилишиндеги Уркуя Салиеванын эстелигине барышты.

Активисттер колдоруна «Окуган кыз ордун табат», «Кыздар баары бир жеңишке жетет», «Чыныгы эркектер теңдиктен коркушпайт», «Аялдар үчүн коопсуз жашоо», «Кызыл камчы сынсын», «Тынч митингдерге эркиндик» деген жазуулары бар баракчаларды көтөрүп жүрүштү.

Жөө жүрүштү 8/365 кыймылы баштаган бир нече демилгелүү топ уюштурган. Акцияда аялдардын укуктары, гендердик теңдик, зордук-зомбулукка каршы маалыматтар айтылды.

Бул арада Ош шаарындагы активисттердааялдардын укугун коргоого арналган тынч жүрүшкө чыгышты. Ага катышкандар аялдар зомбулугуна каршы ураандарды көтөрүштү. Жүрүш Алишер Навои менен Курманжан Датка көчөлөрүнүн кесилишинен башталып, шаардык мэриянын жанындагы «Энелердин көз жашы» мемориалдык комплексинде жыйынтыкталды.

 
 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика